Марал Радиосу

Нарында мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг-ферма аныкталды

Нарын шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг-ферма (криптовалюта алуу өндүрүшү) аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Майнинг-ферма шаардагы турак үйлөрдүн биринде жайгашып, аны «Б.Т.Б.» аттуу жаран иштетип келген.

Учурда бул ишке катыштыгы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп, тергөө уланууда.

Exit mobile version