Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 363 миң 258 адам коронавируска каршы эмделди

Кыска кабар | 20 Июл 2021 | 549 | 0

Кыргызстанда (саат 12:00гө карата) 363 миң 258 адам коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Электрондук саламаттык борборунда айтылат.

Эмделгендердин ичинен 265 миң 159 киши вакцинанын биринчи дозасын, 97 миң 644 адам эки дозаны тең алган.

Белгилей кетсек, Электрондук саламаттык борборундагы маалыматтар улам жаңыланып турат.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө быйыл 29-мартта башталган. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев август айынын ортосуна чейин 1 млн 250 миң кишини эмдөөдөн өткөрүү пландалып жатканын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM