Биз менен байланышыңыз

Муфтий кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 20 Июл 2021 | 495 | 0

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир кары Ракиев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

Муфтий Курман айт майрамы бардык жарандарга жакшылыкты, молчулукту, токчулукту, бакубат жашоону алып келүүсүн каалаган.

«Бул күн сооп табууга, муктаждардын үй-бүлөсүнө кубаныч тартуулоого, жашоодон жапа чеккен бир туугандарыбызга, жетим-жесирлерге, улгайып калган ата-энелерге, колунда жок инсандарга, майыптарга кол сунууга, көмөктөшүүгө эң ыңгайлуу күн.

Урматтуу мекендештер! Тилекке каршы дүйнөлүк пандемиядан улам бул жылы дагы ажылык иши болбой калды. Мусулман бир туугандарыбыз бул күндөрү Арафат тоосуна барып, мамлекетибиздин тынчтыгын, элибиздин амандыгын Алла Тааладан тилеп, дуба кылышар эле. Кудайым буйруса кийинки жылкы Курман айтта ажылыкка баруу, Арафат тоосуна чыгуусуна ар бир момун мусулманга насип этсин.

Азыр деле өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон турат. «Ар бир жандын саламаттыгы аманат». Кара тумоодон Жараткан Алла Таалам эртерээк чыгарып, дарыгерлер көрсөткөн эрежелерди так сактайлы. Ооруп жаткан бир туугандарыбызга Алла Таалам шыпаасын берсин.

Урматтуу мусулман бир туугандар! Баарыңыздарды улуу Курман айт майрамында ынтымакка, сабырдуулукка, биримдүүлүккө жана кайрымдуу болууга чакырам. Элибизге ынтымак, биримдүүлүк, туруктуулук жана өлкөбүздө өсүп-өнүгүү болсун! Курмандык чалган момун мусулмандарыбыздын тилегин, дубасын Жараткан кабыл кылып, ырыскыларын кең кылсын!», — деп айтылат куттуктоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM