Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров жарандарды эмделүүгө чакырды

Кыска кабар | 20 Июл 2021 | 818 | 0

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды коронавируска каршы эмделүүгө чакырды. Бул тууралуу анын Курман айт майрамына карата жолдогон куттуктоосунда айтылат.

Жапаров Курман айт быйыл да коронавируска байланыштуу чектөөлөр менен майрамдалып жатканын белгилеп, жарандарды эмделүүгө жана ден соолукка кам көрүүгө үндөгөн.

«Тагдырдын буйругу экен, эгемен Кыргызстандын тарыхында ушуну менен экинчи жолу коронавирус илдетине байланыштуу Курман айт майрамы чектөөлөр менен коштолууда. Бул илдеттен көз жумган жарандарыбызды Жараткан өз мээримине алсын. Ооруп жаткандарга Алла Таала шыпаасын берип, алардын тезирээк айыгып кетүүлөрүн тилек кылабыз. Учурдан пайдаланып бардык жарандарды өздөрүнүн жана айланасындагы адамдардын саламаттыгын коргоо үчүн эмдөөдөн өтүүгө жана ден соолукту бекемдөөгө чакырып кетмекчимин», — деди айтылат куттуктоодо.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда 362 миңден ашык киши коронавируска каршы эмделди. Алардын ичинен 97 миңден ашыгы вакцинанын эки дозасын тең алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM