Биз менен байланышыңыз

Зеленский Грузияга иш сапары менен барды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июл 2021 | 816 | 0

Бүгүн, 19-июлда Украинанын президенти Владимир Зеленский Грузияга иш сапары менен барды.

Украинанын президентин аэропорттон Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Лаша Дарсалия жана Аджария автономиялык республикасынын өкмөт башчысы Торнике Рижвадзе тосуп алган.

Зеленский Грузияга болгон сапарынын башкы максаты Батумидеги Эл аралык конференцияга катышат. Форумдун алкагында Украина, Грузия жана Молдова президенттеринин «Биргелешкен үчтүк» форматындагы жолугушуусу өтөт. Анын соңунда президенттер биргелешкен декларацияга кол коюшат.

Ошондой эле форумдун алкагында Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM