Биз менен байланышыңыз

Ооган аскерлери өлкөнүн борбор жана түндүгүндөгү бир нече районду кайтарып алды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июл 2021 | 667 | 0

Ооган аскерлери акыркы 24 саат ичинде «Талибан» кыймылынан өлкөнүн түндүк жана борбордук бөлүгүндөгү бири нече районду кайтарып алды. Бул тууралуу Оогастандын Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай ооган аскерлери Дараи-Суф Бала (Саманган провинциясы), Сурхи Парса менен Шейх Али (Парван провинциясы) жана Малистан (Газни провинциясы) райондорун өз карамагына өткөргөн.

Ооган аскерлеринин өкүлү Аджмал Шинваринин айтымында, акыркы төрт күндө аскер күчтөрү «Талибандын» 967 согушкерин жок кылып, 500гө жакынын жарадар кылган.

18-июлда Катардын борбору Дохада ооган бийлиги менен «Талибан» кыймылынын өкүлдөрүнүн эки күндүк жолугушуусу жыйынтыкталып, эки тарап тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантууну макулдашкан. Ошол эле учурда, алар ок атышууну токтотууга жетише алган эмес.

Эскерте кетсек, АКШ аскерлерин чыгарып кете баштагандан тарта Ооганстанда бийлик менен «Талибан» кыймылынын ортосундагы тиреш күч алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM