Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 11-июлда өткөн кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.
Аймактык шайлоо комиссиясы кайра шайлоону өттү деп тапкан.
Шайлоонун жыйынтыгына ылайык, «Эмгек» партиясына — 11, «Ата-Журт Кыргызстанга» — 9, «Ишенимге» — 8, «Ынтымакка» — 7, «Өнүгүү-Прогресс» менен «Социал-демократтар» партиясына 5 манданттан тийген.
Эскерте кетсек, Бишкек шаардык кеңешине болгон кайра шайлоого 18 партия катышкан.