Биз менен байланышыңыз

21-23-июлда Бишкектин айрым жерлеринде газ өчүрүлөт

Кыска кабар | 19 Июл 2021 | 400 | 0

21-23-июлда Бишкектин айрым жерлеринде газ өчүрүлөт. Бул тууралуу «“Газпром Кыргызстан» компаниясынан билдиришти.

Көгүлтүр от Таш-Көмүр менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жана Лев Толстой көчөсүндө жүргүзүлө турчу оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Газ Ахунбаев, Гшлиессер, Шакиров жана Тынчтык проспектиси менен жана Түндүк-Ипподром, Л. Толстой, Термечиков жана Садырбаев көчөлөрү менен чектелген аймакта, ошондой эле Л. Толстой көчөсүндөгү №51, 53/1, 55, 57, 59, 61, 61а үйлөрүндө жок болот.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM