Биз менен байланышыңыз

Баткенде аткезчилик жол менен көмүр ташып бара жаткан адамдар кармалды

Кыска кабар | 19 Июл 2021 | 490 | 0

Баткен облусунун Лейлек районунда чек арачылар аткезчилик жол менен көмүр ташып жаткан адамдарды кармады. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Лейлек районунун Кароол-Дөбө деген жеринде чек арачылар көзөмөл өткөрмө бекетинен тышкары Кыргызстандан Тажикстанга көмүр жүктөп бара жаткан  жүк ташуучу унааны көрүшкөн. Чек арачылар аны токтотууга аракет кылган. Бирок айдоочу токтобогондуктан алар жүк ташуучу унааны куугунга алган. Чек арадан өтүп кетпеши үчүн чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок аткан.

Куугундан качып бара жатып унаа бир капталына оодарылып кеткен.

Кармалган айдоочу менен жүргүнчү Кыргызстандын Д.М. жана Б.А.у. аттуу тургундары болушкан.

Кармалган жарандар менен көмүр тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM