Биз менен байланышыңыз

Сурамжылоо: Орусияда ар бир бешинчи жаран чет өлкөгө көчүп кетүүнү каалайт

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июл 2021 | 997 | 0

Орусияда ар бир бешинчи жаран чет өлкөгө көчүп кетүүнү каалайт. Муну «Левада-борбору» жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөн.

Сурамжылоо 20-26-майда Орусиянын 50 субъектисинде (137 айыл-шаарда) жүргүзүлүп, ага 18 жаштан уулу 1 миң 620 киши катышкан.

Сурамжылоого катышкандардын 22%ы (ар бир бешинчи адам) чет өлкөдө жашоону кааларын айткан. 2017-жылы чет жерге көчүп кетүүнү калагандардын саны 15%ды түзгөн.

Ошол эле учурда, сурамжылоого катышкандардын 77%ы чет өлкөдө жашоону каалабайт.

18-24 жаштар арасындагылардын дээрлик жарымы (48%ы), 25-39 жаштагылардын 33%ы чет жерде жашоону самайт. Ошондой эле, 40-54 жаштагылардын 21%ы менен 55 жаш жана андан улуу курактагылардын 7%ы чет өлкөгө көчүп кетүүнү каалайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM