Биз менен байланышыңыз

Xiaomi компаниясы Apple`ден ашып, дүйнөлүк смартфон базарында экинчи орунга чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июл 2021 | 1211 | 0

Кытайлык «Xiaomi» компаниясы экинчи кварталда биринчи жолу смартфондорду жеткирүү боюнча дүйнөдө экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу «Canalys» компаниясы жүргүзгөн иликтөөгө ылайык жарыялады.

Маалым болгондой, «Apple» үчүнчү орунга төмөндөдү, ал эми «Samsung» лидер болуп биринчи орунга чыкты.

Изилдөөчүлөр Xiaomi компаниянын сатууларынын өсүшү чет өлкөлөрдөгү базарларда бизнестин тез өнүгүшү менен байланыштырып жатышат.

Мисалы, компаниянын жүк ташуусу Латын Америкасында 300%дан ашык, Африкада 150%га жана Батыш Европада 50%га көбөйгөн.

Мындан тышкары, Xiaomi смартфондорунун орточо баасы Samsung жана Apple компанияларына караганда 40% жана 75%га арзан.

Дүйнөлүк смартфон базарында Xiaomi үлүшү 17%, Samsung — 19%, Apple — 14% деп бааланууда. Ар бири базардын 10% ээлеген Vivo жана Oppo компаниялары смартфондорду жеткирүү боюнча алдыңкы бештикке кирет.

Жалпысынан, Canalysдин маалыматы боюнча, экинчи кварталда дүйнө жүзү боюнча смартфондорду ташуу 12% өскөн.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM