Биз менен байланышыңыз

18-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 17 Июл 2021 | 790 | 0

Эртең, 18-июлда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалым болгондой, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Жалал-Абад облустарында күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Ош, Баткен облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;

Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25 градус ысык болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 32…34 градуска чейин ысыйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM