Биз менен байланышыңыз

«Филармониянын жанында өспүрүм кыздын башы табылды деген маалымат жалган»

Кыска кабар | 17 Июл 2021 | 1042 | 0

Акыркы тапта Instagram социалдык тармагында Бишкектеги филармониянын артында өспүрүм кыздын башы табылды деген маалымат тарап, кызуу талкууга алынган болчу.

Бул маалымат өспүрүмдөрдүн белгисиз баракчалары арасында таратылган. Далил катары, бейтааныш бир кыздын видеосу келтирилген, анда полиция кызматкерлери ага келип, өлтүрүлгөн аялдын сүрөтүн көрсөтүп, андан кийин аны тааныйсызбы деп сурашкан.

Ал эми, Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бул маалымат чындыкка дал келбейт жана жалган маалымат экендигин билдирди.

«Филармониянын аймагынан эч кандай адамдын же өспүрүмдүн башы табылган жок, ал эми полиция кызматкерлери жөн эле өтүп бараткандардын арасында идентификациялоо иштерин жүргүзүшпөйт», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, ШИИББ билип туруп жалган маалымат тараткандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM