Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош жол кырсыгынан аял каза болуп, 9 адам жаракат алды

Кыска кабар | 17 Июл 2021 | 943 | 0

Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында Токтогул районунда, кечээ, 16-июлда саат 20:44 чамасында «Хонда Одиссей» жана «УАЗ» үлгүсүндөгү эки унаа кагышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 1 аял каза болуп, 9 адам ар кандай жаракаттарды алышты.

Жаракат алгандар:

1965-жылы туулган — К.В.;

1960-жылы туулган — Ө.Н.;

1972-жылы туулган — С.О.;

1973-жылы туулган — С.С.;

1984-жылы туулган — К.И.;

1985-жылы туулган — О.Н.;

1989-жылы туулган — А.А.;

2000-жылы туулган — А.Н.;

2008-жылы туулган — Э.Е.;

Окуя болгон жерге ӨКМдин №97 куткаруучусу алынып келинип, куткаруучулар маркумдун сөөгүн унаанын ичинен алып чыгып, Ички иштер министрлигине өткөрүп беришкен.

Жабырлануучулар тез жардам кызматы менен райондук ооруканага жеткирилген.

Учурда жабырлануучулардын абалы орто деп эсептелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM