Биз менен байланышыңыз

Бишкектин артисттери VI Бүткүл дүйнөлүк фольклориадада өз өнөрлөрүн тартуулашты

Кыска кабар | 17 Июл 2021 | 472 | 0

Бишкек шаарынын артисттери Орусиянын Уфа шаарында өткөн VI Дүйнөлүк Фолклор «CIOFF» фестивалында өз өнөрлөрүн тартуулашты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардын атынан «АДИС» вокалдык-хореографиялык ансамбли, №4 балдар искусство мектебинин «Нур» фольклордук ансамбли, ошондой эле «CIOFF» Кыргызстан жаштар секторунун өкүлдөрү, дизайнер, кол өнөрчүлөр, Кыргызстандын декоративдик искусствосун көрсөткөн саймачы аялдар катышты.

«Биздин сүрөтчүлөр «Манас» эпосунан үзүндү камтыган программаны көрсөтүштү, белгилүү дизайнер Иван Корниловдон «Умай Эне» кыргыз этникалык модасын көрсөтүштү, ошондой эле улуттук бийлер жана күүлөр, анын ичинде Маш ботой, Сарынжы Бокой, «Кыргыздар Жолу», баарынын сүйүктүү бийи «Кара жорго» жана башкалар, — деп белгилешти мэрияда.

Катышуучулар Башкортостандын борборунда гана эмес, ошондой эле чыгыш фестиваль округунун беш муниципалитетинде да өнөрлөрүн тартуулашты. Концерттерден тышкары уюштуруучулар көргөзмөнүн конокторуна, мастер-класстарды, ар кандай интерактивдүү аянтчалардын иштерин, катышуучулардын костюм параддарын даярдашты.

«Белгилей кетүүчү нерсе, биздин республика Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен биринчилерден болуп бул уюмга толук мүчө катары кирген. Бул фольклор тутумунда иштеген этникалык топтор, музыканттар, бийчилер, кол өнөрчүлөр, сүрөтчүлөр жана башка чыгармачыл кесиптердин өкүлдөрү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат», — деп кошумчалашты мэриядан.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM