Биз менен байланышыңыз

Италия Кыргызстан менен кызматташууну ар тараптуу өнүктүрүүгө кызыкдар

Кыска кабар | 17 Июл 2021 | 240 | 0

Кечээ, 16-июлда Ташкент шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин статс-катчысы Манлио Ди Стефано менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Тараптар жогорку деңгээлдеги иш сапарларды, анын ичинде «Борбор Азия + Италия» кызматташуу форматында уюштурууну талкуулашты.

Мыйзамдык базаны өркүндөтүү, ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы байланыштарды түзүү, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоонун жана диверсификациялоонун маанилүүлүгү өзүнчө талкууланды.

Ниязалиев италиялык делегацияны быйыл ноябрда Бишкекте өтө турган Биринчи ЕС-СА Экономикалык форумуна катышууга чакырды.

Министрдин орун басары Ди Стефано италиялык тараптын эки тараптуу кызматташууну ар тараптуу өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин ырастады.

Тараптар өз ара кыргыз-италия кызматташтыгын тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM