Биз менен байланышыңыз

Курман айт намазы саат жетиде башталат

Кыска кабар | 16 Июл 2021 | 613 | 0

Курман айт күнү, 20-июлда айт намазы мечиттерде окулуп, саат 07:00дө башталат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу айт намазы мечиттерде гана окулат деген чечим кабыл алынган. Ошондуктан мечитте санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо талап кылынат.

Айт намаздын программасы:

— 07:00-07:20 — муфтий Замир кары Ракиевдин куттуктоосу жана баяндамасы;

— 07:20-07:30 — куттуктоолор;

— 07:30 — айт намаз.

Талаптар:

— мечитке беткап менен келүү керек;

— жайнамазды ала келүү сунушталат;

— мечитте 1,5 метрлик аралык сакталышы зарыл;

— кол алышып, кучакташып көрүшүүгө тыюу салынат;

— дааратты үйдөн алып келүү зарыл;

— жаш балдар, ооругандар жана дене табы көтөрүлүп жаткан жарандар мечитке келбеши керек;

— айт намазы окулуп бүткөндөн кийин мечитте көпкө кармалбай тарап кетүү сунушталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM