Биз менен байланышыңыз

Сырттан ташылган бир катар тоют азыгы кошумча нарк салыгынан бошотулду

Кыска кабар | 16 Июл 2021 | 715 | 0

Сырттан ташылган бир катар тоют азыгы 31-декабрга чейин кошумча нарк салыгынан бошотулду. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улубек Марипов кол койду.

Ал чечим азык-түлүк товарларына болгон рыноктук бааларды турукташтыруу, мал кармаган чарба субъекттерине колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынган.

Нарк салыгынан бошотулган тоюттардын катарына тазаланбаган, майдаланган же майдаланбаган, жанчылган же жанчылбаган, пресстелген же гранул түрүндөгү саман жана дан өсүмдүктөрү, брюква, жалбырактуу кызылча (мангольд), тоют тамыр өсүмдүктөрү, чөп, беде, кара беде, эспарцет, тоют капустасы, бөрү буурчак, жер буурчак жана ушул сыяктуу гранулдашкан же гранулдашпаган тоют азыктары, жүгөрү, арпа, сулу кирди.

Белгилей кетсек, кошумча нарк салыгынан 1-июлдан 31-августка чейин сырттан ташылган кумшекер жана өсүмдүк майы, 1-июлдан 31-декабрга чейин мал-жандыктар, анын ичинде бодо мал, чочко, кой-эчки жана канаттуулар бошотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM