Биз менен байланышыңыз

Химкиде кыргыз жарандарына бычак урган деп 2 адам кармалды

Кыска кабар | 16 Июл 2021 | 505 | 0

Орусиянын Химки шаарында Кыргызстандын 4 жараны бычакталган окуя боюнча 2 адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМден белгилешкендей, ал окуя 9-июлдан 10-июлга караган түнү болгон. «Блок Пост»  бильярд клубунда болгон мушташта 4 кыргыз жараны белгисиз адамдардан бычак жеген.

Жаракат алган жарандар №1 борбор шаардык ооруканасына жеткирилип, дарыгерлердин кароосунан кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Булл окуя боюнча полиция Кылмыш кодексинин 213-беренесинин 2-бөлүмү (Курал же курал катары колдонулган буюмдарды колдонуу менен жасалган ээнбаштык) боюнча кылмыш ишин ачкан.

Кечээ, 15-июлда аталган ишке шектүү катары эки адам кармалып, алар күнөөлөрүн  мойнуна алышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM