Биз менен байланышыңыз

Мигранттардын мушташынан кийин Москвада мигранттар текшерүүгө алына баштады

Кыска кабар | 16 Июл 2021 | 997 | 0

Кузьминки метросу районунда болгон кыргызстандык жана тажикстандык мигранттардын мушташынан кийин Москвада эмгек мигранттары текшерүүгө алына баштады.

Кыргызстандын ИИМинин өкүлчүлүгү белгилегендей, аталган окуяда укук коргоо органдары тарабынан 102 киши кармалып, полиция бөлүмдөрүнө алынып келген. Алардын ичинен 71и Кыргызстандын жарандары болушат.

Ал окуя боюнча Кылмыш кодексинин 213-беренеси (Бейбаштык) боюнча иш ачылган.

Москва шаарынын райондук сотторунун чечими менен административдик мыйзамды бузгандыгы үчүн кармалган 102 адам 15 күнгө камакка алынган.

Учурда Москвада укук коргоо органдары мигранттардын документтерин текшерүү боюнча рейд жүргүзүп, анын алкагында алар өздүгүн тактоо үчүн полиция бөлүмдөрүнө жеткирилүүдө. Ошондой эле чыр окуялар болбошу үчүн алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө (900дөн ашык киши полиция бөлүмүнө жеткирилип, текшерүүгө алынган).

ИИМдин өкүлчүлүгү мекендештерди туура эмес маалыматтарды, анын ичинде улуттук маселеге байланыштуу маалыматтарды таратпоого, Орусиянын мыйзамдарын сактоого чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM