Биз менен байланышыңыз

Жогорку соттун судьясы 35 миң сом айлык алат

Кыска кабар | 16 Июл 2021 | 626 | 0

Жогорку соттун судьясы 35 миң сом айлык алат. Бул тууралуу кечээ, 15-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова билдирди.

Жыйында депутат Сайдулла Нышанов соттордун айлыгын көтөрүш керектигин айтып, Жогорку соттун төрайымынан соттор канча айлык аларын сурады.

«Жергиликтүү соттун судьяларынын айлыгы 30 миң сом, Жогорку соттун судьясыныкы 35 миң сом», — деди ал.

Нышанов соттор ак иштеп, акыйкат чечим чыгарышы үчүн алардын маянасы кеминде 100 миң сом болушу керектигин айтты.

“Эми ачык айтыш керек, 30-40 миңге сот таза иштебейт. Жогорку соттун судьясы 100 миң сомдон кем албашы керек. Эгер соттор туура чечим кабыл албаса, мамлекет оңолбойт”, — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM