Биз менен байланышыңыз

17-июлга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 16 Июл 2021 | 285 | 0

Эртең, 17-июлда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14… +19, күндүз + 24 … +29;

Талас облусунда түнкүсүн +11 … +16, күндүз +22 … +27;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн + 18… +23, күндүз +28 … +33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11 … +16, күндүз +19 … 24;

Нарын облусунда түнкүсүн +10 … +15, күндүз +18 … +23 градус ысык болот.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +17… +19, күндүз +27… +29 градус ысык болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM