Биз менен байланышыңыз

Кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берүү иши боюнча дагы бир адам кармалды

Кыска кабар | 16 Июл 2021 | 314 | 0

Түркия жарандарына мыйзамсыз паспорт берүү иши боюнча президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиясынын Э. А. (Эрнист Апилов) аттуу мурдагы жооптуу катчысы кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Учурда ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иштери уланууда.

Буга чейин бул иш боюнча Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин Д.С. (Дүйшөн Сатыбалдиев) аттуу мурдагы төрагасы кармалган.

Эскерте кетсек, 10-июлда ИИМ 2016-жылы Түркиянын 10 жаранына кыргыз паспортунун мыйзамсыз берилиши боюнча Жазык кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. ИИМден белгилешкендей, 2016-жылы президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссия (Фарид Ниязов жетектеген) Түркиянын 10 атуулун кыргыз жарандыгына кабыл алуу тууралуу мыйзамсыз чечим чыгарып, андан кийин жарандыкка кабыл алуу боюнча президенттин (Алмазбек Атамбаевдин) тиешелүү жарлыгы чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM