Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Кызыл зонада иштеген медкызматкерлерге июнь айы үчүн 166,5 млн сом төлөнөт

Кыска кабар | 16 Июл 2021 | 686 | 0

Коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылап кызыл зонада иштеген медицина кызматкерлерине июнь айы үчүн 166 млн 469 миң сом төлөнөт. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева билдирди.

Анын айтымында, ал каражат ооруканалардын эсебине бүгүн которулат.

Бишкек шаарнда иштегендерге 93 млн 189 миң, Чүй – 22 млн 609 миң, Ош – 24 млн 803 миң, Баткен – 4 млн 43 миң, Жалал-Абад – 8 млн 112 миң, Ысык-Көл – 8 млн 291 миң, Нарын – 3 млн 376 миң жана Таластагы медицина кызматерлерге июнь айы үчүн 2 млн 43 миң сом кенемте төлөнөт.

Белгилей кетсек, 16-июлга карата Кыргызстанда 33 медицина кызматкеринен коронавирус табылган. Ооруканадан 23, үй карантининен 18 медкызматкер айыгып чыккан. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 6 миң 86 медкызматкер коронавирус жуктурган. Анын ичинен 5 миң 298и айыгып чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM