Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда бир жылда уй эти 108 сом, кой эти 142 сомго кымбаттаган

Кыска кабар | 15 Июл 2021 | 691 | 0

Кыргызстанда бир жылда уй эти 108 сом (30,3%га), кой эти 142 сомго (41,1%га) кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маселен, 14-июлга карата өлкөдө уй этинин орточо баасы 464,76 сомду, ал эми кой этиники 488,47 сомду түзгөн.

Уй этинин кымбаты Жалал-Абад (496,23 сом), Нарын (484,64 сом) жана Ош (482,03 сом) шаарларында, ал эми арзаны Покровка айылында (425,93 сом), Баткен (433,27 сом) жана Исфана (434,97 сом) шаарларында болгон.

Ошондой эле, Кара-Суу (527,98 сом), Жалал-Абад (525,98 сом) жана Ош (509,44 сом) шаарларында кой эти башка жерлерден кымбат турса, Покровка айылында (422,98 сом), Кара-Балта (447,65 сом) жана Каракол (448,49 сом) шаарларында арзаныраак сатылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM