Биз менен байланышыңыз

Түркиялык компания Бишкекте монорелстүү жол курууга кызыкдар

Кыска кабар | 15 Июл 2021 | 939 | 0

Түркиялык компания Кыргызстанда асма жол салуу (монорельс) мүмкүнчүлүгүн карап чыкты. Бул тууралуу Инвестиялар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 12-14-июль күндөрү Түркиянын «Sky Ray Ve Oto Yedek Parça Ekipmanlari Üretim Sanayi A.Ş» компаниясынын төрагасы Нежметтин Генчйылмаз Бишкекте Кыргызстандын Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов жана мэриянын өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда монорелстүү жол тутумун куруу долбоору деталдуу талкууланган.

Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстан түрк инвесторлору үчүн ар дайым ачык экендигин белгилеп, министрлик тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте долбоорду тез арада ишке ашырууга жардам көрсөтөрүн айткан. Шыкмаматовдун пикиринде, монорелстүү транспорттук тутумду киргизүү менен шаардын инфраструктурасы жакшырат.

Түркиялык компаниянын төрагасы Нежметтин Генчйылмаз, монорельстүү транспорттун курулушу жөнүндө кеңири маалымат берген. Алдыңкы убакытта долбоорду ишке ашыруу аракеттери уланары айтылды.

13-июлда министрликтин кызматкерлери, Бишкек мэриясынын жана түркиялык компаниянын өкүлдөрү монорелстүү транспорт системасын куруу үчүн ыңгайлуу болгон жайларды көрүп чыгышкан.

Министрликтин маалыматына караганда, быйыл 9-11-июль күндөрү президент Садыр Жапаровдун Түркияга жасаган расмий сапарында, Түркиянын «Sky Ray Ve Оto Yedek Parça Ekipmanlari Üretim Sanayi A.Ş» компаниясы менен Кыргызстандын Инвестициялар министрлиги ортосунда монорельс куруу боюнча меморандумга кол коюлган.

Бишкекте жер үстүнөн өтүүчү транспорттун долбоору 2020-жылы декабрда мэрия тарабынан сунушталган.

Монорельс — бул темир жол транспорту, эстакадалык транспорттун бир түрү, тез жүрүүнү камсыз кылат. Аны Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларын бойлой куруу пландаштырылган.

Долбоор  боюнча, жер үстүнөн өтүүчү транспорттун жалпы узундугу 37 чакырым, анын ичинде 32 станция болот. Эки линия менен 150дөн 180 жүргүнчүгө чейин ташый алат, бийиктиги 5-7 м.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM