Быйыл беш айда сыртка 150 миң 56,2 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолду. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Сыртка сатылган айыл чарба продукциясынын баасы 7 млрд 487 млн 596 миң сомду түзгөн.
Анын ичинде:
— Өсүмдүк өстүрүү: 3 млрд 999 млн 645 миң сомго 123 миң 403,7 тонна (+ чийки тамеки 30 млн 274,5 миң сомго);
— Мал чарба продукциясы: 2 млрд 780 млн 961,5 миң сомго 18 миң 383,5 тонна;
— Тамак-аш кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясы: 1 млрд 676 млн 989,5 миң сомго 8 миң 269 тоннаны .
Быйылкы беш айда Орусия менен Казакстанга кайра иштетилген жашылча азыктарынын экспорту көбөйгөн.