Биз менен байланышыңыз

Быйыл жарым жылда дыйкан-фермерлерге 4 млрд 851,8 млн сом насыя берилди

Кыска кабар | 15 Июл 2021 | 503 | 0

Быйыл жарым жылда «Айыл чарбасын каржылоо-9» долбоору боюнча 4 млрд 851,8 млн сом насыя берилди. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Жети айда жалпы 9 миң 537 насыя берилген. Анын ичинде жарандар өсүмдүк өстүрүү боюнча 853,2 млн сомго 2 миң 255 насыя, мал чарбачылыгына 2 млрд 899,6 млн сомго 7 миң 89 жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө 1 млрд 99 млн сомго 193 насыя алган.

Белгилей кетсек, «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорунун алкагында дыйканчылык, мал чарбачылыгы менен алектенген жарандарга жеңилдетилген насыялар берилет. Бул долбоор өкмөт тарабынан 2013-жылдан бери ишке ашырылып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM