Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын Япониядагы элчиси дагы үч өлкөдө элчилик кылат

Кыска кабар | 15 Июл 2021 | 420 | 0

Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев Кыргызстандын Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппиндеги элчи болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Элчинин резиденциясы мурункудай эле Токио шаарында жайгашат.

Мирлан Арстанбаев Япониядагы элчилик кызматка 2019-жылдын март айында дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM