Connect with us

Депутат Токтошев: Жаңы шайлоо мыйзамы чийки

Кыска кабар | 15 Июл 2021 | 422 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев жаңы сунушталып жаткан шайлоо мыйзамы чийки экенин, аны кайра иштеп чыгуу керектигин айтты.

Ал күзүндө парламенттик шайлоо өтөрүн эске салып, ага чейин жумушчу топ түзүп, мыйзам иштеп чыгууну сунуштады. Ал үчүн азыр сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун концепциясын биринчи окууда кабыл алуу зарыл.

Эмил Токтошев шайлоо мыйзамынын мажоритардык бөлүмүндө 35 пайыздык гендердик квота, жаштар үчүн квоталар каралбаганын сындады.

Документ кыргыздын менталитетине да туура келбей турганын, мурдагы президенттер да шайлоонун айынан кетишкенин эске салды.

-Кечээтен бери талкуу болуп жатат, карама-каршы пикирлер абдан көп, мыйзам чийки. Тарыхты карасаңыз, мурдагы президент Аскар Акаев да ушул шайлоодон улам кеткен. Мына буга чейинки президент Сооронбай Жээнбеков да шайлоонун айынан мөөнөтүнөн мурун кызматтан кетти. Биз күздө шайлоого барышыбыз керек, ал үчүн мыйзамды азып кабыл алышыбыз шарт. Ошондуктан биринчи окууда концепциясын колдоп берели, экинчи окууда буга чейин сунушталган преференциалдык система боюнча мыйзам бар, экөөнү кошуп, жумушчу топ түзүп, бир мыйзам иштеп чыгалы. Элге жага турган мыйзам иштеп чыгуу керек. Азыркы документ чийки.

Бүгүн парламент шайлоо мыйзамдарына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулап жатат. “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун президенттин буйругу менен түзүлгөн жумушчу-эксперттик топ иштеп чыккан, автору катары өлкө башчы көрсөтүлгөн.

Садыр Жапаров сунуштаган мыйзам долбоору жаңы Конституцияга шайкеш келтирүүгө багытталган. Ага ылайык, 90 депутатты аралаш (паралелдик) система менен шайлоо үчүн жаңы шайлоо системасын киргизүү сунушталууда.

35 депутат бир мандаттуу округда мажоритардык система менен, 55 депутат  бирдиктүү шайлоо округу боюнча пропорционалдык система менен (партиялык тизме менен) шайланат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM