Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Аалымдар кеңеши эмдөө боюнча фатва чыгарды

Кыска кабар | 15 Июл 2021 | 866 | 0

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү жөнүндө фатва чыгарды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Аалымдар кеңеши былтыр дүйнөгө жайылган COVID-19 пандемиясы көптөгөн адамдардын өмүрүн алганын, учурда да ооругандардын саны көбөйүп жатканын белгилейт. Ошондуктан ага каршы эмделүү маселеси өтө актуалдуу болууда.

«Эмдөөнүн пайдасы менен зыяны медицина илимине таандык. Ал эми мындай учурда  шарияттын өкүмү медициналык жактан чыккан натыйжага карап берилет. Ошондуктан Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин эмдөөгө жооптуу болгон органдарынан жана тиешелүү тараптардан текшерүүлөрдөн өтүп, жоопкерчиликтүү, тажрыйбалуу дарыгерлер тарабынан COVID-19га каршы эмдөөнүн зыяны жок деген тастыктоосу болсо, исламда эмдөөгө каршылык жок. Ошондуктан Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши COVID-19 илдетинин алдын алуу максатында ыктыярдуу түрдө эмдөө алууга каршы эмес», — деп айтылат Аалымдар кеңешинин чечиминде.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM