Биз менен байланышыңыз

Депутат: ПЦР тест тапшыруунун баасы кымбат болууда

Кыска кабар | 14 Июл 2021 | 386 | 0

Депутат Калдарбек Баймуратов Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында коронавируска каршы ПЦР тест тапшыруунун баасы кымбат болуп жатканын сындап, министрден бааны көзөмөлдөөнү өтүндү.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, министрликке караштуу Ош менен Бишкекте эки лаборатория бар, анда ПЦР тест тапшыруу 788 сомго түшүрүлдү.

Жеке лабораториялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, баа 1500 сомго чейин арзандатылды.

Депутат жеке лабораторияларда ПЦРдин баасы 1700 сом болуп жатканын айтты.

Дагы бир эл өкүлү Эрмамат Тагаев Өзбекстанда ПЦР тесттин баасы 800 сомдун тегерегинде экенин мисал келтирди.

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын маалыматы боюнча:

— ПЦР тест — 1500 сом турат;

— антителаны текшерүү анализи — 1500 сом;

— өпкөнү компьютердик томографиядан текшертүү — 2500 сом.

Бишкектеги жеке лабораторияларда ПЦР тест тапшыруунун баасы 1700 сом турат. Алар бааны өздөрү белгилейт. Министр Алымкадыр Бейшеналиев айрым лабораториялар бааны түшүрбөй жатканын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM