Эртең, 15-июлда Кыргызстандын айрым аймактарында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +13… +18, күндүз + 27 … +32;
Талас облусунда түнкүсүн + 9 … +14, күндүз +25 … +30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн + 17… +22, күндүз +30 … +35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9 … +14, күндүз +22 … 27;
Нарын облусунда түнкүсүн +8 … +13, күндүз +21 … +26 градус ысык болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан жааса, күндүз жаан-чачын күтүлөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +16… +18, күндүз +30… +32 градус ысык болот.