Биз менен байланышыңыз

Орусия Тажикстанга чек ара тозотун курууга жардамдашууда

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Июл 2021 | 2245 | 0

Орусия Тажикстанга Ооганстан менен болгон чек арасында заманбап чек ара тозотун курууга жардамдашууда. Бул тууралуу Орусиянын Ооганстандагы атайынын өкүлү Замир Кабулов билдирди.

Анын айтымында, учурда тозоттун курулушуна каражат бөлүнүп, курулуш иштери башталган.

«Бул долбоор ишке ашырылып жатат. Бардык каражат бөлүнгөн», — деген ал.

Эскерте кетсек, май айында Душанбеге болгон сапары учурунда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров тажик-ооган чек арасында чек ара тозотун куруу боюнча макулдашууга кол коюлушу мүмкүн экенин айткан. Анын курулушуна Москва каражат бөлүп бермек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM