Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Илдет 1 миң 398 кишиден табылып, 10 адам каза болду

Кыска кабар | 14 Июл 2021 | 605 | 0

Бүгүн, 14-июлга карата Кыргызстанда коронавирус 1 миң 398 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Коронавирус Бишкек шаарында — 773, Ош шаарында — 67, Чүй облусунда — 177, Ош облусунда — 73, Талас облусунда — 11, Нарын облусунда — 15, Ысык-Көл облусунда — 52, Жалал-Абад облусунда — 111, Баткен облусунда — 119 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 1 миң 37 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 10 адам каза болгон: Бишкекте – 5, Ош облусунда – 1, Чүйдө – 2 жана Жалал-Абадда – 2 киши.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 4 миң 675 адам, ал эми амбулатордук түрдө 14 миң 952 бейтап дарыланууда. Ооруканаларда дарыланып жаткандардын ичинен 55 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 3 миң 34 адамдын абалы орто оор, 1 миң 358 киши оор жана 228 бейтап өтө оор абалда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 143 миң 668 учур катталды. Анын ичинен 120 миң 731 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 133 бейтап каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM