Биз менен байланышыңыз

Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы Италиядагы кинофестивалга катышат

Кыска кабар | 14 Июл 2021 | 220 | 0

Режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы Италиядагы «Religion Today» кинофестивалына катышат. Бул тууралуу «Кыргызфильм» киностудиясынан билдиришти.

Аталган тасма фестивалда бир нече номинацияларга, анын ичинде F.A. Bonporti консерваториясынын калыстардын атайын сыйлыгы сынагында «Мыкты саундтрек» катары көрсөтүлгөн.

Кинофестиваль 22-29-сентябрь күндөрү болуп өтөт.

Эскерте кетсек, «Шамбала» тасмасы Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган. Ал буга чейин эл аралык фестивалдарда бир нече сыйлыктарды алган.

«Шамбала» тасмасы 24-сентябрдан 9-октябрга чейин Испанияда өтө турган Imagine India Film Festival эл аралык кинофестивалына да катышат.

«Шамбала» тасмасына «Ника» сыйлыгы ыйгарылды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM