Биз менен байланышыңыз

Медицина академиясында Адинай Мырзабекованын эстелиги орнотулду

Кыска кабар | 13 Июл 2021 | 629 | 0

Кечээ, 12-июль күнү Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Адинай Мырзабековага арналган эстеликтин ачылышы болду. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Эстеликтин ачылышына окуу жайдын ректору, кызматкерлери, Адинай Мырзабекованын туугандары жана курсташтары катышкан.

Адинай Мырзабекованын колодон жасалган бюстун анын курсташтары орноткон. Алар окуу жайды быйыл аяктаган.

Эскерте кетсек, Адинай Мырзабекова былтыр 13-июлда коронавирус күч алып турган мезгилде каза болгон. Ошол учурда ал Бишкектеги стационарлардын биринде элге жардам берип, медайым болуп иштеп жаткан. Ал пневмониядан каза болгон.

Каза болгондон кийин Адинай Мырзабекова коронавирус менен күрөшүүгө кошкон салымы үчүн «Эрдик» медалы менен сыйланып, Бишкектин түштүк тарабында ачылган сейил бакка анын аты ыйгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM