Биз менен байланышыңыз

Маматов: Аймактык шайлоо комиссиялары шайлоо жыйынтыктарын эки жума ичинде чыгарат

Кыска кабар | 13 Июл 2021 | 429 | 0

Аймактык шайлоо комиссиялары Бишкек, Ош жана Токмоктогу шаардык кеңештерге болгон кайра шайлоонун жыйынтыктарын эки жума ичинде чыгарышы керек. Бул тууралуу «Маралга» Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов билдирди.

Аймактык комиссия шайлоо жыйынтыгын чыгарган соң БШК ал боюнча арыз-даттанууларды 3 күн күтүп, андан кийин шайлоонун жыйынтыктарын бекитет.

Маматовдун айтымында, БШК аймактык комиссияга жыйынтыктарды эртерээк чыгарууну суранып жатат. Ошол эле учурда айрым мыйзам бузуулар боюнча тергөө жүрүп жаткандыктан аймактык комиссия укук коргоо органдарынан келе турган материалдарды күтөт. Ага байланыштуу жыйынтыктар эрте же кийинчерээк чыгарылып калышы мүмкүн болгондуктан ал депутаттарга мандаттар кайсы күнү тийип каларын айта албай турганын билдирди.

Эскерте кетсек, Бишкек, Ош жана Токмоктогу шаардык кеңештерге кайра шайлоо 11-июлда болуп өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM