Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Президенттин администрациясынын кызматкерлери эмдөөдөн өтүүдө

Кыска кабар | 13 Июл 2021 | 364 | 0

Президенттин администрациясынын кызматкерлери коронавирус инфекциясына каршы вакцинациялоо кампаниясынын алкагында эмдөөдөн өтүүдө.

Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, буга чейин президент Садыр Жапаров калктын көпчүлүгүнүн коронавируска иммунитети пайда болушу үчүн Республикалык штабга калкты эмдөөнү тездетүүнү тапшырган.

Ага байланыштуу президенттин администрациясынын, Министрлер кабинетинин, министрликтер менен ведомстволордун, Министрлер кабинетинин облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн, райондук администрациялардын жана айыл өкмөттөрүнүн жетекчилерине өз кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүү тапшырылган.

Ошондой эле Садыр Жапаров жарандарды өз ден соолугу үчүн эмдөөдөн өтүүгө чакырган.

Адистердин айтымында, эмдөөдөн өтүү ооруну жуктуруп алуудан сактоонун эң натыйжалуу ыкмаларынын бири болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM