Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын Олимпиада курамасынын формасы ача пикир жаратты

Кыска кабар | 13 Июл 2021 | 427 | 0

Бүгүн, 13-июлда Кыргызстандын Олимпиада курамасы Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен жолугушуусу болуп, Марипов кураманын капитаны Атабек Азисбековго Кыргызстандын туусун тапшырды.

Жолугушууга спортчулар олимпиадалык формасын кийип келишкен. Ал форма соицалдык тармактарда ача пикирди жаратты: бири форманы жактырбаса, башкаларына форма жаккан. Бири жаңы форма жайкы Олимпиадага кие турган кийим үчүн калың болуп калат деген оюн айтса, башкалары спортчулар зыяратка кетип жаткан адамдарга окшоп калганын жазышкан. Ал эми айрымдар форма улуттук стилде жасалганына баа беришкен.

Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов Kaktus.mediaˈга билдиргендей, форманы тигүүгө бюджеттин эсебинен каражат кеткен эмес. Улуттук Олимпиада комитетти өзү демөөрчү болгон.

«Форманын концепциясы кыргыз жана япон колоритин бириктирип турат. Бир комплекттин баасы 95 миң сомду түздү. Ага чепкен, бут кийим, баш кийим, кыздар үчүн көйнөк, шарф ж.б. кирет», — деген ал.

Ал эми форманы тиккен дизайнер Дильбар Ашимованын  айтымында, форманы тигүүдө кыргыз менен япон маданиятын чагылдырууга жана Олимпиада оюндары өтүп жаткан Япония мамлекетине сый көрсөтүүгө аракет жасалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM