Биз менен байланышыңыз

Марипов: Кыргызстандын эли Олимпиада оюндарында спортчулардын жеңишин күтөт

Кыска кабар | 13 Июл 2021 | 265 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын Олимпиада курама командасы менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда ал Токиодогу Олимпиада оюндарына катышып жаткан спортчуларга ийгилик каалаган.

«Бүткүл өлкө республикабыздын гимнин угууга үмүттөнүп, сиздерге жан-дили менен күйөрмандык кылат», — деди Марипов.

Марипов Олимпиада оюндарында байгелүү орундарды алган спортчуларга сыйлыктар каралганын айтып өттү.

Токиодогу Олимпиадада жеңишке жеткен курама команданын спортчуларына – 10 млн сомдон, күмүш медаль үчүн – 7 млн сом, коло медаль үчүн 5 млн сом каралган.

Башкы машыктыруучуга – спортчунун акчалай сыйакысынын 30% өлчөмүндөгү суммасы, улук жана жеке машыктыруучуга – спортчунун акчалай сыйакысынын 25% өлчөмүндөгү суммасы, биринчи машыктыруучуга спортчунун акчалай сыйакысынын 10% өлчөмүндөгү суммасы төлөнөт. Медицина кызматкерлерине Олимпиада оюндарынын чемпиондор жана олимпиадалык медалдын ээлери үчүн жалпы сыйлык фондунун 10% өлчөмүндө сый акы төлөнөт.

«Спорт – бул чоң күрөш. Сиздердин ысымыңыздар республикабыздын спорт тарыхына алтын тамгалар менен жазылып калсын. Жалпы муунубуз сиздер менен сыймыктангыдай болсун», — деди ал.

Жолугушуунун соңунда ал Кыргызстандын туусун Олимпиада курамасынын капитаны Атабек Азисбековго тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM