Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Бейшеналиев БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссары менен жолугушту

Кыска кабар | 13 Июл 2021 | 317 | 0

Кыргызстандын БУУдагы өкүлү Алмазбек Бейшеналиев БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди менен жолугушту.

Жолугушуунун Кыргызстан менен БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссариатынын ортосундагы кызматташтык – ишке ашырылып жаткан долбоорлор, качкындардын, башпаанек издеген адамдардын укуктарын коргоо ж.б. маселелер талкууланган.

Гранди комиссариат Кыргызстанга ар тараптуу техникалык, эксперттик жана гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгилеп, жолугушуу учурунда кыргыз тарап айткан сунуштарды карап чыгарын айткан.

Жолугушуу учурунда Бейшеналиев Грандиге COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM