Биз менен байланышыңыз

Олимпиада: Алтын медаль уткан спортчуларга 10 млн сом сыйлык берилет

Кыска кабар | 13 Июл 2021 | 1446 | 0

Токиодогу Олимпиада оюндарында алтын алган спортчуларга 10 млн сом сыйлык берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргызстандын Олимпиада курамасы менен болгон жолугушууда билдирди.

Токиодогу Олимпиадада алтын алган спортчу 10 млн сом, күмүш байге уткан 7 млн сом жана коло байге алган спортчу 5 млн сом менен сыйланат.

Ошондой эле башкы, жеке машыктыруучуларга, спортчуларды караган медициналык кызматкерлерге спортчу алган орунга жараша 10-25%дык акчалай сыйлык берилет.

Эскерте кетсек, Токиодогу Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 18 спортчу жолдомо алды: Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков (грек-рим күрөшү), Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев (эркин күрөш), Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер күрөшү), Дарья Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая, Нурсултан Кеңешбеков (жеңил атлетика), Денис Петрашов (сууда сүзүү), Роман Петров (фехтование), Бакдөөлөт Расулбеков (оор атлетика), Каныкей Кубанычбекова (ок атуу) жана Владимир Золоев (дзюдо).

Токиодогу Олимпиада (ошондой эле Паралимпиада) оюндары былтыр өткөрүлүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2021-жылга жылдырылган. Быйыл Олимпиада мелдештери 23-июлдан 8-августка чейин, ал эми Паралимпиада 24-августтан 5-сентябрга чейин өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM