Биз менен байланышыңыз

14-июлга күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 13 Июл 2021 | 799 | 0

Эртең, 14-июлда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 14-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14… +19, күндүз + 26 … +31;

Талас облусунда түнкүсүн + 10 … +15, күндүз +25 … +30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн + 15… +20, күндүз +30 … +35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8 … +13, күндүз +20 … 25;

Нарын облусунда түнкүсүн +7 … +12, күндүз +20 … +25 градус ысык болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күңдуз жаан жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +17… +19, күндүз +28… +30 градус ысык болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM