Биз менен байланышыңыз

Түркияда Орхан Инанды соттун чечими менен камакка алынды

Кыска кабар | 13 Июл 2021 | 499 | 0

Кыргызстандан Түркияга чыгарылып кеткен «Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инанды соттун чечими менен камакка алынды.

Ал сот алдында прокурорго суракка берген. Суракта ал Фетхуллах Гүлендин кыймылын «террордук уюм» экенине ишенбей турганын айткан.

Сот чечими менен ал «куралдуу террордук уюмду башкарууга» шектелип кармалган.

Эскерте кетсек, Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен. Ал бир айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган алардын чалгын кызматы Орхан Инандыны Кыргызстандан кармап, Түркияга алып келгенин билдирген. Ага байланыштуу 6-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчиси Ахмет Доганга каршылык нотасын тапшырган. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Түркиядан Орхан Инандыны кайтарып беришин талап кыларын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM