Биз менен байланышыңыз

Сурамжылоо: Кыргызстандыктар саясий партия, парламент жана сотторго ишенбейт

Кыска кабар | 13 Июл 2021 | 502 | 0

Кыргызстандыктардын көпчүлүгү саясий партияларга (70%), парламентке (69%), сот (61%), прокуратура (51%) жана милицияга (47%) ишенбейт. Муну Кыйноолорго каршы коалициясы менен М-Вектор изилдөө уюму биргеликте жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгы көрсөттү.

Сурамжылоого катышкандар армия (72%), диний уюмдарга (53%) жана өкмөткө (53%) ишенерин билдиришкен.

Андан тышкары сурамжылоого катышкандардын 80%ы президент Садыр Жапаровго ишенерин айтышкан. Респонденттердин 6%ы президент айткан убадаларын аткарарына ишенбей турганын билдиришкен.

Сурамжылоо Кыргызстандын бардык облустарында, анын ичинде Бишкек менен Ош шаарларында жүргүзүлүп, ага 18 жаштан улуу 1 миң 210 киши катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM