Биз менен байланышыңыз

Бишкекте эмдөөнүн зарылдыгы жөнүндө тартылган роликтерге сынак жарыяланды

Кыска кабар | 12 Июл 2021 | 566 | 0

Бишкек шаарынын Свердлов районунун акимчилиги коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүнүн зарылдыгы жөнүндө тартылган видеороликтерге онлайн сынак жарыялады.

Онлайн сынак бүгүн, 12-июлда башталып, 16-июлга чейин уланат.

Сынакка катышууну каалагандар Свердлов районунун акимчилигинин фейсбуктагы баракчасына жазылган болушу керек.

«Сынакка ар бир каалоочу катыша алат. Тасмалар WhatsApp аркылуу 0700 600634 номери боюнча кабыл алынып, фейсбуктагы баракчабызга чыгарылат», — деп айтылат маалыматта.

Тасмасы фейсбукта эң көп добуш (лайк) чогулткан катышуучу жеңүүчү деп табылат.

Сынакты өткөрүүгө «Жасмин» кафеси демөөрчү болууда.

Сынактын байгелери:

1-орун – бир үй-бүлө (5 киши) үчүн даамду шишкебек;

2-орун — «Дельта» машыгуу залына абонемент;

3-орун – 1 миң сомго бирдик.

Тасмаларын эрте жөнөткөндөр, көп добуш алып, сынакты жеңүүгө мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM