Биз менен байланышыңыз

Канн фестивалында кыргыз киносунун көргөзмөсү уюштурулду

Кыска кабар | 12 Июл 2021 | 597 | 0

Канндагы кинофестивалдын алкагында Kyrgyz Cinema («Кыргыз киносу») көргөзмөсү уюштурулду. Бул тууралуу кино тануучу Гүлбара Төлөмүшова билдирди.

Бул чакан көргөзмө кыргыз киносунун 80 жылдыгына арналган. Мындай көргөзмө Кыргызстандын кино тарыхында биринчи жолу жолу уюштурулууда.

Көрүүчүлөргө Кыргызстандын киносунун тарыхы жана бүгүнкүсү тууралуу көргөзмөнүн кураторлору Гүлмира Керимова менен Гүлкайыр Тиленбаева айтып берүүдө.

Белгилей кетсек, Канн кинофестивалы 1946-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл фестиваль ишин 6-июлда баштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM