Биз менен байланышыңыз

Кримтөбөл «Дөө Чыңгыз» абактан бошотулду

Кыска кабар | 12 Июл 2021 | 559 | 0

«Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагулов абактан бошотулганы кабарланды. Маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы тастыктады.

Жумагулов Новопокровка айылындагы №3 абакта жазасын өтөдү, жазасын өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу бошотулган.

«Дөө Чыңгыз» Жазык кодексинин 266-беренеси боюнча («Ээнбаштык») күнөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылган.

Ал эми Жазык кодексинин 43-беренеси («Кылмышка кошо катышуучулардын») жана 248-беренеси («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу») менен коюлган айып боюнча акталган.

Чыңгыз Жумагулов Бишкектеги төрөт үйлөрүнүн биринин алдында эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шектелип, 2019-жылдын 11-апрелинде кармалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM