Биз менен байланышыңыз

Молдовада президенттин партиясы парламенттик шайлоодо алдыга чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Июл 2021 | 2443 | 0

Кечээ, 11-июлда Молдовада өткөн кезексиз парламенттик шайлоодо президент Майя Сандунун «Аракет жана тилектештик» партиясы алдыга чыкты.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча парламентке «Аракет жана тилектештик» партиясы (52,51%), «Коммунисттер жана социалисттер» блогу (27,37%) жана «Шор» партиясы (5,78%) өтүүдө. Калган партиялар 5 пайыздык босогону өтө алган эмес.

«Аракет жана тилектештик» партиясына парламенттеги 101 мандаттын 63ү тийиши мүмкүн. Көпчүлүк мандатка ээ болгондуктан аталган партия өкмөттү өзү кураганга мүмкүнчүлүгү болот.

Мурдагы парламент президенттин быйыл 28-апрелдеги жарлыгы менен таркатылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM